
Турмушка чыккандан бери жакшы күн көрбөдүм. Ынжык адам оңолобу же өмүр бою ушинтип өтүп кетишеби?
20-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСизден бир суранычым бар эле чыгарып беринизчи. Турмуш курганыбызга 12 жыл болуп жатат. Кудайга шүгүр 3 балам бар. Азыр эки ара жолдо турам. Кимге айтышымды билбей сиздерге болушкум келип олтурам. Жолдошум менен ажырашуу жолунда турам . Кандай чечим чыгарышымды билбей жатам. Ушул күнгө чейин жакшы күн көрбөдүм. Уруш жаңжал баягы жашоо. Күйөөм ичпейт бирок ичкен адамдан өткөн ынжык. Ынжык адам оңолобу негизи. Же өмүр бою ушинтип өтүп кетишеби. Үйүмдөгүлөр болду кереги жок жыйна дешет. Үйдөн эң кичинеси менмин. Ата энемдер Кудайга шүгүр жакшы эле турушат. Өзүбүз балдарыны багышабыз сен бизге керексин кызым деп ар барганда айтышат. Үйүмдөгүлөрдү адам ордуна көрбөйт. Өзүмчө жашап кете аламбы. Балдарымды ойлоп ажырашкым келбейт. Бирок такыр көңүлүм калган жок күйөөмдө кантип жашайм барсам. Ойлоно берип чарчап кеттим. Ажырашсам туугандарга уят го, балдарым кантет деп жашап келдим эми чыдамым калбай кетип атат. Мага кенешиниздерди бериниздерчи.