Түрмөдө отурган адамга турмушка чыксам өкүнбөймүнбү?
07-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы. Мен дагы айымдардан кеңеш сурайын деп чечтим урушпай жакшы оюңуздарды айтыныздарчы. Мен турмушумдан ажырашып жүрөм жаратканыма шүгүрлөр болсун 3 балам бар. Мен интернет аркылуу бир жигит менен таанышып сүйлөшүп жүрдүк күндөн күнгө бири бирибиздин сырыбызды айтышып жакындап ортобузда сүйүү пайда болду. Мени өкүндүргөнү ал жигит абакта отурганын айтты. Бирок сүйлөгөнү аялга кылган мамилеси оордунда. Анан мен күнөөсү жок отурам подстава болуп отуруп калдым деп түшүндүрүп берди. Анын дагы 3 баласы бар экен, аялым мен абакка отуруп калганда башка турмушка чыгып кетти дейт. Бирок балдарымды сурап сүйлөшүп турам, эгер кааласаң мага ишенбесен тел.номерин берем деп ном. берди. Ооба билем абакта отургандар жакшы адам эмес деп урушасызтар бирок жаман адамга окшош эмес сүйлөгөн сөзүнөн эле ким кандай экенин билесин да жаман адамга окшош эмес. Менин сиздерден кенеш сурайын дегеним абактагы жигиттер менен таанышып бактылуу болгондор барбы?