Түрмөдө Канат Исаев менен Өмүрбек Бабанов отурушу керек беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2017-жылы президенттик шайлоо астында Канатбек Исаев «бийликти басып алуу» таризинде айыпталып, камакка алынган. Алмазбек Атамбаевдин түз буйругу менен. Бирок, тогуз айдан кийин эркиндикке чыкканы эсибизде. Негизинен иш «сынган». Соке бийликке келген соң, котур ташын койнуна катып, көрсө, жалган мааниде токулган жалааны жаптырбай коюптур го? Мына ушунун айынан «Көкжал» азыр түрмөдө отурат. Башынан эле саясый буюртма из салган бекен? Кайда жашырабыз?… Эң кызыгы, 2017-жылы Канатбек Исаев камалганда (шайлоого чукул), талапкер катары Өмүрбек Бабановду кол тийбестиги сактап турду, анан бир айдан кийин кармаларда Москвага качып кетип атпайбы! Демек, түйүнүн чечиш керек. Исаев шайлоодо Бабановго жандооч катары дем берип, сүрөп жаткан. Үгүтчүлөр менен сүйлөшкөн кызматташуусун тартып алышып, тасманы кескилешип, төңкөрүшкө даярдангандай мааниде сүрөттөшкөн эле. Логикага сыйбай калган. Эгерде андай болсо, башкы айыпталуучу Бабанов катары каралбайбы? Негизги фигура ушул эмеспи?! Таңгаласың. Учурда Исаев экинчи ирет түрмөдө отурса, а Бабанов дагы эле эркиндикте жүрөт. Балээнин баары кайда катылганын түшүнүп атасынарбы? «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg