Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 18 миңге чукулдады

Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 18 миңге чукулдады

10-бирдин айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 17 миң 674кө жетти. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдиргенин жазып чыкты.

Анын айтымына таянсак, 72 миң 879 адам жабыркады.

“Акыркы суткада урандылардын астынан 121 адам тирүү куткарылды. Учурда 29 миң куткаруучу иштөөдө”, — дейт Октай.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.