Түркиядагы зилзалада каза болгон Мадина Бактачиеванын сөөгү Кыргызстанга келди

Түркиядагы зилзалада каза болгон Мадина Бактачиеванын сөөгү Кыргызстанга келди

14-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен кыргызстандык Мадина Бактачиева каза болду. Бул маалыматты жакындары тастыкташты.

1986-жылы туулган маркум Мадина Газиантеп шаарында 6 жылдан бери иштеп келе жаткан. Анын сөөгү 14-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 09:45те Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маркумдун сөөгү Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында жерге берилет. Анын артында уулу калды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.