Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары барбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алдын ала маалымат боюнча, Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондор тууралуу маалыматты тактап жатат. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Эске салсак, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө эртең менен болуп, анын очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Натыйжада облустун борборунда жана башка бир катар шаарларда жүздөгөн имараттар талкаланган.

Акыркы маалыматтарга караганда табигый кырсыктан каза болгондордун саны 76га жакындады.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Андыктан табигый кырсыктан курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн.

Аргумент.kg