Түркиядагы жер титирөөдө мышык кыргызстандык кыздын өмүрүн сактап калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түркиядагы жер титирөөдө мышык кыргызстандык Жаңыл Токоеванын өмүрүн сактап калды.

«Азаттык» радиосу кабарлагандай, кыргызстандык кыз Түркиянын Кахраманмараш шаарында 5 жылдан бери жашайт.

«Негизи эле бул аймакта жер титирөө дайыма болуп турат, бирок буга чейинкилер 4-5 баллга эле жетчү. Ошондуктан мындай силкинүүлөргө биз көнүп калганбыз. Былтыр көчөдөн таап алган мышым бар. Ал негизи зилзаланы алдын ала сезет. 6-февралда таңга маал саат 4:10дордо мышыгым баладай болуп катуу ыйлай баштады. Үйдө өзүнө жер таппай, чуркап токтобой койду.

Мен дароо кийинип, мышыгымды, телефон, капчыгымды алдым да көчөгө чуркап чыктым. Чыгып баратып кошуналарымдын эшигин каккылап ойготконго аракет кылдым. Көчөгө чыкканда эле дароо жер титирей баштады. Көз алдымда үйлөр кулап түштү. Дароо алыстап качтым. Үйлөр кишилердин үстүнө кулап жатты. Алысырак жерге качканга аракет кылдым”, — деп билдирген ал.

Учурда ал шаардын четиндеги гидроэлектростанция имаратында экени айтылат.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени айтылууда.

Аргумент.kg