ТҮРКИЯДА 22 КЫРГЫЗ КЫЗ СОЙКУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ДЕП КАРМАЛДЫ

Түркиянын Анталия шаарында сойкулук менен алектенген делип 22 кыргыз кыз кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сойкулукка бөгөт коюу үчүн Туркиянын укук коргоо органдары рейд жүргүзгөн. Анын натыйжасында Гүзелоба районунда жалпы 78 чет элдик жаран кармалган. Стамбулдагы башкы консулдугу 22 кыргызстандык кыз-келиндер Анталия шаарындагы Миграция башкармалыгынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында кармалып турганын билдирди. Жакын арада алар мекенине депортация болушмакчы.
Башкы консулдук кармоонун чоо-жайын иликтеп жатат.
Булак: Каганат