Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова камалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникова менен вице-президенти камакка алынды. Бул тууралуу 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеме алар тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, бөгөт чарасын сот аныктарын, мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

УКМК уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин негизинде («Коррупция») иш козголгону, былтыр мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллион сому бир катар долбоорлорду ишке ашырууда өздөштүрүлгөнү, бирок, мисалы, 105 миллион сом которулган 21 эс алуу бекетинин (rest point) бири да пайдаланууга бериле электиги, алардын жалпы баасы 13 миллион сомго көп көрсөтүлгөнү, мындан башка да шектүү жагдайлар бар экени айтылды.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан. Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын белгилеген. Калашникованын айтымында, 2022-жылга «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна» 1 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда анын 257 миллиону коротулса, калганы ишкананын эсебинде турат.

Аргумент.kg