Депутаттар Туризм өнүктүрүү фондунун маянасына кызыгып сурашты.Фонд жетекчиси: Кызматкерлер 60-70 миң сом маяна алышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ ,Жогорку Кенештин жыйынында «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомундагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Жыйында аталган фонддун директору Елена Калашников коротулган каражаттар тууралуу сөз кылды.Ошондой эле,өзү жетектеген мекеменин уставдык капиталы 1млрд сомду түзөт.Азыркыга чейин,аталган сумманын 257 млн сому сарпталганын айтты.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов фонддун кызматкерлеринин айлык маянасы канча экенин сурады.

Елена Калашникова:»кызматкерлердин айлыгы 60-70 миң сомдун тегерегинде»-деп жооп берди.

Ошондой эле, «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фонду» азыркы тапта 7 инвестициялык долбоорун ишке ашырууда.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg