Турат Акимов: “Жетим-Тоону иштетүүгө дараметибиз жетеби? Ушул жагынан маалымат жетпей атат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Жетим-Тоонун казылышына каршы чыккандар болууда. Колдогондор да бар. Эл эки ача ойдо. Сиз кандай пикирдесиз?

— Бизде баары коррупцияга байланыштуу. Биринчи бийлик коррупцияны жок кылсын. Экинчиден, “кыргыз кедей мамлекет, газ, мунайы жок” деген жомокту токтотуш керек. Башынан алтынды тоногон, коррупцияга кулагына чейин кирген бир ууч топ алсак, газ, мунай, Жетим-Тоону да курутпайбы? Үчүнчүдөн, Жетим-Тоону кимдер казат? Ушул сыяктуу суроолордун башын ачып алуу керек. Коомчулук ынана турган шарттар түзүлөбү, байлыгыбыз уурдалбай сакталабы? Кенибизди эл үчүн иштете алабызбы? Дараметибиз жетеби? Бул жагынан маалымат толук жетпей атат.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg