Түндүк-түштүктү бириктирген аксакалдар уюмуна Бекболот Талгарбеков төрага болобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түштүктүн элүү аксакалын чүргөп, Камчыбек Ташиевди колдоо уюмун түзгөн Эмил Узакбаевдин соңку кадамдары саясый элитанын катмарын кызыктырып салган. Катуу дуулдашты. “Катарларында кимдер бар? Эми эмне болот?” дешип. Айтор, бул жагынан кыйла интрига жаралып, ар кандай сөздөр тарай баштаганда, кеменгер мүнөзү бар Бекболот Талгарбеков “түштүктүн аксакалдары биригип атканыңар жакшы, эми түндүктүн да акыл кошчулары копшолуп, кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн бир муштумга түйүлсөк, туубузду жогору көтөрүп алабыз!” деп акыл айтыптыр. Аныгында, жалпы элдин ынтымак-ырашкерлигин ойлоп, улуттук күч түзүлсө эмнеси жаман? Анан бириккен аксакалдар Ташиевди колдошобу, же башкасын тандашабы, бул эми мезгилдин шарына жараша өнүгөт эмеспи. Бирок, түндүк-түштүктү бириктирген ынтымакка Бекболот Талгарбековду шайлашса, тездик менен көксөгөн максаттарына жетишмек. Себеби, бул кишинин сыйкырдуу таягы бар…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg