Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолуна акы төлөнөт

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолуна акы төлөнөт

19-кулжа, 2017-ж // //

Акы унаанын бардык түрүнөн алынат.
Транспорт жана жолдор министрлиги Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунан өтчү айдоочулардан акы алына турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жума күнү КСДП фракциясынын жыйынында депутаттар өлкөнүн айрым трассаларына акы төлөөнү киргизүү боюнча маселени кайрадан көтөрүштү. Министр Жамшитбек Калилов альтернативалуу жол бардык айдоочулар үчүн акылуу болушу керектигин айтты.
«Учурда концепция иштеп чыгып, сунуш киргиздик. Жолго акы алынышы керек, буга Кочкор — Кувакы трассасы да кирет», — деди ал.
Узундугу 433 чакырымга жеткен альтернативалуу жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Долбоордун болжолдуу баасы 850 миллион долларга бааланган. Ал үч фазага бөлүнгөн.
154 чакырымдык I фаза Кызыл-Жылдыз айылы — Арал айылы, Казарман — Жалал-Абад менен өтүп, Көк-Арт ашуусунан 3,7 чакырымдык тоннелдин курулушу каралган. II фазада Арал — Казарман маршруту боюнча өтүп, 96 чакырымга жетет. Бул жерге да 0,7 чакырымдык тоннель курулат. 183 чакырымга созулган III фаза Балыкчыдан Кызыл-Жылдыз айылына чейин созулат.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн Бишкек — Ош жолу гана байланыштырып турат.
Булак: Спутник