Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенишкен топту кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 11-сентябрь күнү ал жашаган батирге түнкү саат 24.00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келишип, аны жана бирге жашаган шеригин электрошокер менен бычактар менен коркутушуп, 5 уюлдук телефонун, 2 даана кол саатын, чач кургатуучу фен, кийимдерин жана 2500 сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.
Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар:
-2004-жылы туулган М.к.Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:
-М.А., Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2000-жылы туулган С.к.А., Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-А.уулу Н., Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
-2003-жылы туулган А.к.А., Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) белгилери менен тергөө иштери улантылууда. Бул топтун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.
Түндө батирге кирип келип электрошокер менен коркутуп тоногондор кыздар болуп чыкты
Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш