
Түлөбаев алтын сатып Кытайдан кутулууну талап кылууда. Министр жооп берди
21-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылууда.
Ал Улуттук валюта резервинде сакталып турган алтын куймаларын министрлер кабинети колдоно алабы деп сурады.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов учурда резервде 51 тоннадан ашык баалуу металл бар экенин айтып, бирок аны өкмөт колдоно албай турганын белгиледи.
Депутат «анда эмнеге сактап койдуңар?» деп нааразы болду. Жакыпов ал валютаны туруктуу кармап туруу үчүн керектигин билдирди.
«Өткөндө мен айтсам эл жаман көрүп, ар кандай түшүнүк менен карашты. Эмне үчүн колдо турган алтын менен Кытайдан алган карызды төлөп салууга кудуретибиз жетип турса да төлөбөй жатабыз? Жакынкы тарыхта эки тоннадай алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн азыр Кытайга болгон 1,8 миллиард долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо 26-27 тонна алтын кетет экен», — деди Түлөбаев.
Булак: Аргумент кж