Туйгунаалы Абдраимов уюштура турган митингге 10 миң адамдын келиши күтүлүүдө

Оор салмактагы саясатчы Туйгунаалы Абдраимов 17-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө тынчтык митингге чыга турганын жарыялаган. Бул кабар Ала-Тоонун койнуна желдей тарап, учурда тарапташтары арбып атканын эшиттик. Митинг “Форумда” өтө турганы белгилүү болду. Туйгун мырза камактагы Атамбаевдин 65 жылдыгына үч жылкы союп, элге чай берүүнү ниет кылып атыптыр. Сереп салуучулардын баамында, митингге келе турган адамдардын саны 10 миңге чейин жетери болжонууда. Башка да саясый күчтөр Туйгунаалы Абдраимов менен биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү башташканы эмнеден кабар берет? Сыягы, экс-президенттин туулган күнүндө олуттуу ураандар, талаптар айтылып, катуу дуулдашканы калды окшойт. А балким, ошол талаптар митингге жетпей эле иш жүзүнө ашып, чечилип кетсе, анда түрүлө келе турган элдин саны азаябы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg