Трамп президенттик шайлоодо Байденди кыйла артта калтырарына ишенет

Трамп президенттик шайлоодо Байденди кыйла артта калтырарына ишенет

14-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодогу жарышта Жо Байденди артта калтырарын айтты. Бул тууралуу британиялык Times гезити жазды.

“Жеңиш мүмкүнчүлүгү 100 пайызга жакын”, — деди саясатчы басылмага.

Трамп ошондой эле республикачылар арасында ага атаандаш боло турчу киши жок экенин кошумчалады. АКШдагы президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрь айына пландалган. Трамп дагы, Байден дагы шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Булак: Аргумент кж