Коом

Төшөктө күйөөм үчүн сойкумун, бирок кадырым кете баштады

Турмушка чыкканыма 12 жыл болду, шугур 3 балам бар. Сурайын дегеним эркек 35 тен ашкандан кийин өзгөрөбү? Аялдарда климакс болот го, ошол сыяктуу болуп. Дегеним акыркы күндөрү көңүлүн алуу үчүн төшөктө ал каалагандай болуп жатам. Ошенткен сайын мени шаймурадай көрөт. Каалагандай эрмектеп жатат, камасутранын бардык ыкмасына салып.

Ачык айтканым үчүн кечириңиздер! Бирок, мен деле көнүп калдым. “Күйөөңө төшөктө сойку катары бол” – деген принцип менен жашап калдым. Бирок эркекке андай нерсе жарашпайт окшойт деп калдым. Мен ошенткен сайын мага көнүл бурбайт, кичине нерсеге таарынып жатып алат(мурун андай эмес болчу). Тез жини келет. Бирок достору менен жүргөндө жайдары. Башка бирөөсү бар десем, телефону дайыма ачык, башка бирөө менен сүйлөшүп жүргөнүн да байкаган эмесмин. Деги эле эркек 35 тен кийин организминде өзгөрүү болобу? Болсо канча жылда өтөт? Өзүмдөн өзүм ар нерсени ойлоно берип тажап кеттим. Кеңеш бергилечи! Админ аноним

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *