Төрт балам менен турмушка чыгып жатканда таштаган күйөөм келип калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ызы-чуу менен ажыраштык. Жакшы-жаман сөздөрдүн баары айтылды. Бирок эсимде калганы «төрт бала менен сени эч ким албайт» деген күйөөмдүн сөзү болду.

Билесиңерби, мен башында ишендим. Бирок, эч кимге байкатпадым. Болду, экинчи турмушка чыкпайм деп чечтим.

Балдардын түйшүгү мени тартып кетти. Күйөөмдүн арзыбаган алимент төлөгөнү эле болбосо, бир жардамы тийбейт. Балдар кичинекей. Кээде чарчаганымдан ыйлайм. Күйөөм болсо, телефон менен сүйлөшүп койгонуна эле милдет кылат. Ишенесиңерби, төрт бала менен ата-энеңе деле батпайт экенсиң.

Дагы жакшы жумушум бар. Аз да болсо алаксыйм.

Базардан картошка көтөрүп чыгып келаткам. Арабачан байке түртүп кетти. Пакетим жыртылып, картошкамдын баары төгүлдү. Эмне кылышты билбей туруп калдым. Бирөө дагы келип жардам бербеди. Ал келди.

«Тим эле коюңуз» десем болбой тере баштады. Баарын чогултуп, чуркап барып пакет алып берип, анан басып кетти. Унчукпады. Уят деп артынан барып рахматымды айттым. «Таштап коюнбу» деди. Эмнегедир макул болдум. Туура чечим кабыл алыпмын.

Экөөбүз эски тааныштай сүйлөштүк. Үйгө жеткенде балдарым чуркап чыгып, аны көрүп токтоп калышты. Ал болсо, «келгиле» деп өзүнө тартып сүйлөп кирди. Балдарымчочуган жок. Тамашаларына күлүп жатышты.

«Баш кошуп албайлыбы?» Менин төрт балам бар экенин айттым. «Билем» деп мени таңкалып карады. Макул болдум.

ЗАГСка кетип бараткам. Демейде дайыны жок күйөөм келип калыптыр.

— Кайда баратасың?

— ЗАГСка?

— Бул ким?

— Күйөөм.

Эмне дешти билбей туруп калды. Тоюмда келгенин карабайсыңарбы. Анан «төрт балам менен деле сүйгөн мырзалар бар экен» дедим. Унчуккан жок.

Бактылуумун. Күйөөм өтө камкор. Мен эми кечинде чарчаганымдан ыйлабай калдым. Билесиңерби, мен жөн гана жашап калдым. Терең дем алып, жашоодон рахат алып калдым. Балдарым дагы башкача бактылуу. Аларга кылган мамилесин көрүп, ага болгон сүйүүм артып барат. Жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Сүйгөн адам, эч нерсеге карабай сүйөт. Балдар бул байлык, жүк эмес.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg