Төрөтүмө катышкан күйөөм башкача адам болуп өзгөрүп кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Ушундай болушу керекпи?», «Ушинтип оорутабы?», «Катуу ыйынган жокпу?»… «Ай, байке тажаттыңыз, ары туруңузчу!» Медайым акыры чыдабай кетти. Күйөөм баарын тажатып жиберди. «Канча сантиметр ачылат дагы ?» деп, улам сурай берип акушерден дагы уруш укту. Айласыз күлдүм. Башында төрөткө катышпай деп жаткан. Анда бейтапканага барбайм, бала сеники дагы деп көшөрүп туруп алдым. Суу агып баштаганын көргөндө макул болуп мени менен жөнөдү. Нерв болуп тырмактарын баарын жеп бүтмөй болду. Толгоом келген сайын бакырсам кулагын жаап, тизелеп отуруп алат. «Ай, колун кармап дем күч бербейсизби» деп медайым тынчын койбойт. Экөө тил табыша алган жок. Ары-бери басам деп инструменттерди дагы түшүрүп алды. Дагы уруш укту. «Иий, ыйын, аз калды, чыда…» Акушер төрөтүмдү кабыл ала баштады. Күйөөм колумду кармаган бойдон артын карап турду. Байкуш коркконунан титиреп, тердеп чыкты. Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Наристебиздин үнү. Ага кошулуп мен ыйлайм, мага кошулуп күйөөм ыйлайт. Бир маалда эси ооп жыгылды. Баламды төшүмө коюшту. Атасына дагы койгула деп сурандым. Жанымда кушеткада жарым жан болуп жаткан күйөөмө алып барышты. Төшүнө койсо, ыйлап, дагы эси ооп калды. «Ай, назик неме экен күйөөң, киндигин кестирбей эле коелу, дагы ээси ооп калат» деп, жанагы медайым күлдү. Түнү менен достору менен жүргөн, көп нерсени этибарга ала бербеген баягы күйөөм жок. Жумушунан эрте келип, мага кол кабыш кылчу болду. Кызын өзү алып, жалаяктарын которуп кадимкидей жардам берет. «Сен кыйналдың, мен эле жасап коем» деп көп айтчу болду. Көз карашы дагы олуттуу болуп калды. Келечек тууралуу сүйлөп, бир нерселерди кыла баштады. Кайын-журтум, атам менен апамдар дагы анын өзгөрүп калганын айтышты. Оор басырыктуу болуп, мени аяп калды. Кызыбыз үчкө чыкты. Атасына аябай жакын. Жумуштан качан келет деп күтүп отурат. Мени кадимкидей атасынан кызганат. — Жаным, Назикти бала бакчага берели? — Эмнеге? Бербейм, өзүм карайм деп жатпадың беле? — Эми жетишпейм го… Эмне болду? Баары жакшыбы? Ичимди сылап, күйөөмдү жылмая карадым. http://Bilesinbi.kg

 

Аргумент.kg