Төрөтканада жатканымда, күйөөмдүн бул кылганын унутпайм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн “Ананайын” деген ырды уктум. Кечээ “Муйдусунан”, ага чейин Бек Борбиев агабыздын “Эркинайын” созгон. Өзү жалгыз келбей, тиги аккордеончу Баха, гитарист Жома, анан бийчи Нүкү досторун ээрчитип алат. Жанымдагы келиндер көңүлдөрү көтөрүлүп жатканын айтса, акушер эжелер кадимкидей сыртка чыгып алып бийлешет.

Кечээ палатама бир келин келди. “Күйөөңүзгө рахмат айтып коюңуз, ошонун ырын угуп жатып алаксып, төрөп жатып көп ооруну сезген жокмун”,-деди.

Жанымда уктап жаткан тун балабыз. Суктанып карап отура берип уйкудан калдым. Медайым келип, “ай, эмиз, анан укта”,-дегенде чочуп кетем. Кээде баламды текшерүүгө көтөрүп кетишкенде, өзүмдү коерго жер таппай чыйпылыктайм.

Күйөөм боюмда бар экенин билгенден баштап жанымдан чыккан жок. Бейтапканага бир дагы жолу жалгыз барбадым. УЗИлерди дагы калтырбады. Сүрөткө тартырып алып тиктеп жата берет. Анан дагы анализдеримди өзү алып барып, өзү алып келет эле.

“Ай, мунуң түнт го!” Туугандарыма турмушка чыгып жатканымды айтсам жигитимдин сүрөтүн сурашты. Көрсөтсөм билип-билбей туруп эле ушинтишти. “Силер анын ким экенин билбейсиңер”,-десем, адамды бир көрүп эле билип койсо болорун айтып, мурдуларын чүйрүштү. Маани бербедим деп калп айткым келбейт, аябай жаман болгом.

Эки күн толготтум. Уктабай жанымда болду. Ары-бери чуркап, улам-улам дарыгерлерден «өзү ушундай болушу керекпи, же шаарга алып барайынбы”,-деп жатты. Акушер эже дагы тамашакөй экен, “Америкага алып барыш керек”,-деп койсо, билети канча болорун сурап баарынын боорун эзиптир. “Күйөөңдүн ошончо акчасы барбы”,-дешсе, таң калып туруп калыпмын. Эмне болгонун кийин түшүнбөдүмбү.

Кыздуу болдук. Мени палатага которгондон бери тереземдин түбүнөн кетпейт. Күн сайын келип алып ырдайт. Буйруса эртең чыгам. Жанымдагы келиндер мен жок эми “скучно” болорун айтышты. Анысы чын.

Учурдан пайдаланып күйөөмө рахмат айткым келет. “Домпошкам”, мен сени жакшы көрөм. Сага турмушка чыкканыма эч качан өкүнбөйм. Ар дайым жанымда экениңди, эң негизгиси мени сүйөрүңдү сезем. Мага мындан башка эч нерсе кереги жок. Мени бактылуу кылганың үчүн чоң рахмат.

http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg