Төрөй албай күйөөмө токол издейм
20-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБалким мени жаман көрүп ар кандай пикир калтышыныздар мүмкүн. Бирок мен күйөөмө токол алып берүүгө муктажмын. Биз жолдошубуз экөөбьүз он беш жыл чогуу жашадык. Бир уулдан кийин төрөй албай калдым. Барбаган жерим, тайыбаган мазарым калган жок. Күйөөм жакшы адам болгондуктан бир бала менен баарына кайыл болуп жашап келет. Жолдошумдун калган өмүрүн да башка аял менен чогуу өткөрүшүнө каршы эмесмин. Жакшы кыз келиндер болсо жолдошума алып берем. Бирок бир талап менен. Мен күйөөм менен чогуу жашабайм, бирок жолдошум уулуна келип уулум атасына каалаган учурунда жолугуп туруусуна уруксат берип биздин абалды да тушүнө билген болсо дейм. Жакшы аял болсо курбу болуп катташууга да даярмын.