Коом

Төрөгөнүмө 1 ай болду, сөз көтөрө албай аябай өзгөрүп кеттим

Саламатсыздарбы, мен 1 ай мурун төрөдүм. Төрөт өтө оор болду. Төрөттөн кийин катуу өзгөрдүм. Сөз көтөрө албай, жакындарым менен урушуп, негедир жалгыздыкты каалап калдым. 40-чыгарганы үйгө барып, 1 жумадан кийин кайтып келе бердим. Болбосо 1 төрөтүм, бала караганды жакшы деле билбейм. Женеме балдарын урушуп жаман көрүнбөйүн деп үйгө келдим. После родовая депрессия болуп атамбы билбейм. Сыгылып, ыйлагым келип, нерв болуп жүрөм, күйөөмдүн сөзүн жакпайт. Жакын келсе кыжырым келет ал эле эмес кээде өзүмдөн да жиркене турган болуп калдым. Бул депрессиядан кантип чыкса болот?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *