Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Сауд Арабиясынан келген 30 миллион долларга мектептер курулат

Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Сауд Арабиясынан келген 30 миллион долларга мектептер курулат

13-аяк оона, 2018-ж // //

— Төрөбай мырза, Сауд Арабиясы мектептерди курууга каражат бергени тууралуу маалымат тарады. Буга чейин алар бизге каражатты негизинен мечиттерди курганга берчү эле. Эми социалдык объектилердин курулушуна да колдоо көрсөтө башташтыбы?
— Бул каражат эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде, расмий жардам катары берилип жатат. Жалпысынан 30 млн. доллар. Мектептердин болжолдуу баасы бир мил­лион сомдун тегереги. Ошондо отуздай мектепти курганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул келишим ратификациядан өткөн, акча каржы министрлигине келген. Азыр процедуралык маселелер каралууда. Бизде мектептердин стандарттуу долбоору бар да. Ошол долбоорлорду акча берген тарап жактырышы керек. Же өздөрүнүн долбоорун сунуштап калуулары да мүмкүн.
— «Акчасы эчак келген болсо, эмне үчүн иш ордунан жылбай атат?» деген маселе комитетте көтөрүлдү. Чын эле, иштин кечеңдеп жатканынын себеби эмнеде?
— Себеби, эки тараптуу көзөмөл. Кээ бир гранттар кыргыз өкмөтүнө келет. Андан соң өкмөт мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын неги­зинде өз алдынча чечим кабыл ала берет. Бирок, «бул жолу каражат багыттуу жумшалсын» дегенби, айтор, «Саудия өнүктүрүү» фонду тарабынан мектептердин курулушун көзөмөлдөөгө аракет жасалууда.
— Бизде долбоорду даярдоого үч ай, аны макулдашууга дагы үч ай кетет экен. Бул өтө эле көп убакыт эмеспи?
— Ошондуктан, мектептердин стандарттуу долбоорлору болушу үчүн өкмөттүн астында төрт түрдүү стандарт долбоору бар. Мурда ар бир мектепке өзүнчө долбоор жасалып, аны даяр­доого эле 1 миллион сомдон ашык каражат кетип калчу. Азыр эми стандарттуу долбоорлор бар. Ал эми балдар бакчаларынын, же ооруканалардын долбоорун даярдоодо жана сиз айткан маселелер чыгып калууда. Келечекте аларга да стандарттуу дол­боорлор болушу керек.
Аттокур ЖУМАЕВ
Булак: «Азия Ньюс»