Төрөбай ат көрбөгөн минип өлтүрөт болдубу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир кезде Асылбек Жээнбековду жандап, өзүн чоң саясатчы сезген Төрөбай Зулпукаровдун азыр дымы чыкпайт. Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда Төрө каймана ат менен өтө таасирдүү инсанга айланган. Анткени ал Сокенин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун өтө ишенимдүү адамына айлана алган. Натыйжада бир топ маселелерди чечүүгө аралашып, керек болсо кадрдык жүрүш жасаганга дагы кээде таасирин тийгизип турган. Көпчүлүктүн эсинде: ыраматылык Чыныбай Акун ЖКга спикер кезинде болбогон маселеден улам атасындай болгон улуу адамга атырылып, кол көтөргөнгө чейин баргандыгы баарынын эсинде. Айрымдар бул акмактык кадамын Төрөбай мырзанын билиминин төмөн экендиги менен байланыштырышат. Ушул Зулпукаров 2020-жылкы парламенттик шайлоо алдында “Биримдик” деп аталган бийликчил партиянын түзүүчүлөрүнүн ана башында жүргөнү баарыбызга маалым. Булардын планы боюнча парламентке көпчүлүк мандат менен келүү эле. Ага максатташ сыяктанган болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен биргеликте өкмөттү түзмөк. Бирок, нысапсыздыктын чеги да болот эмеспи. Бири бийликтин, экинчиси акчанын күчү менен 95 мандатка ээ болушту. Жыйынтыгы эмне болгонун баарыбыз билебиз. Ошентип булардын бул кадамы Сокенин бийлигинин түбүнө жетти. Бөлөкчө жыйынтык деле жаман болмок эмес, бирок Асылбек мененТөрөбайлардын “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болду көрүнөт.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg