Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт

Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт

04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстанда ун, суу май жана кант көйгөйү жаралбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.
Аткаминер өлкөдө Россия менен Казакстандагыдай эле түшүм көйгөйү жаралганын моюндады.

«Биз ушул күздөн кийинки жылга чейин кеминде 100 миң тонна буудай камдап коюуну пландап жатабыз. Жеке чарбалар бар, аларга биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди Төрөбаев.

Булак: Аргумент кж