Төрага Дастанбек Жумабеков Талас шаарындагы Чыӊгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 8-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Талас облусундагы иш-сапардын алкагында улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Иш-чарага Өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, маданий жана коомдук ишмерлер, жазуучунун үй-бүлөсү менен  өлкөнүн бардык аймактарынан келген меймандар катышты.

Андан соӊ иш-чаранын катышуучулары төкмө акындардын республикалык айтышына күбө болушту. Алсак, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн айтышта он алты акын таймашууда.

Эске салсак, бүгүн Талас шаарында алп калемгер Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралар өтүүдө. Мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да уюштурулган. Ал эми негизги жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында болот.

Аргумент.kg