Тоолу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.Сак болуңуздар

Тоолу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.Сак болуңуздар

23-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 23-майдан 24-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Булак:Аргумент кж