Төө-Ашууга кар жаады. Жол милициясы айдоочуларга кайрылды

Төө-Ашууга кар жаады. Жол милициясы айдоочуларга кайрылды

13-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 13-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда, анын ичинде Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатканына байланыштуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.

Аталган башкармалык, «Бишкек-Ош» унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, алдыда бараткан унаа менен болгон аралыкты сактоо жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоо керектигин эскертет.

Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы Бишкек — Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.

Булак: Аргумент кж