Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр качан алынары айтылды

Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр качан алынары айтылды

01-баш оона, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу 31-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, жол чийиндери сызылган соң тоннелдеги чектөөлөр мурда айтылгандай 6-августта эмес, 2-августта алынат.

«Эми жол сызыктары чийилген соң чектөөлөр алынат. Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дон кийин чектөө алынат. Азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең (1-августта — ред.) дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле, кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деди ал.

Булак: Аргумент кж