«Төө-Ашуу» ашуусуна кар жаады, унаалар үчүн жол ачык.

«Төө-Ашуу» ашуусуна кар жаады, унаалар үчүн жол ачык.

20-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Аба-ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу бүгүн, 20-сентябрда «Төө-Ашуу» ашуусунда кар жаап баштады. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жаап жаткан жамгыр карга айланган.

Аталган башкармалыктан Бишкек-Ош жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга, унаалар ортосундагы белгиленген аралыкты сактоого чакырат.

Белгилесек, ӨКМдан 20-22-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондорго кар жаай турганын маалымдашкан.

Булак: Аргумент кж