Толук Бек Байзак, акын:  «Мекенге кайтчу күндөр бар…»

Толук Бек Байзак, акын: «Мекенге кайтчу күндөр бар…»

01-чын куран, 2017-ж // //

Көр оокаттын айынан Мекенден алыста жүргөндөрдүн арасында чыгармачылык инсандардар бар экенин билебиз. Сиз канча жылдан бери чет жакта мигрантсыз?

Дээрлик 24 жылдан бери мигрант болуп жүрөт экенмин. Ал мезгилде мамлекетибиз жаңыдан эгемендигин алып, бутуна тура албай жаткан кези болчу. Билишимче андан бери деле эчтеке өзгөргөн жок. Болгону байлар, жакырлар, динчилдер, бандиттер көбөйдү. Анан эки жолу төңкөрүш болду, бирок өзгөрүүнү жакшы жагынан көрөалбадым.  Бул жөнүндө 1994-жылы Стамбул шаарында жашап жүрүп жазган ырымда бар.

Кош бол эми көрүшкөнчө

алсыз, жарды Мекеним.

Сени таштап көпкө дейре

алыс сапар кеземин.

Тилеп сенин тынчтыгыңды,

тилеп сага эсендик,

убайымдуу бул күндөрдө,

урматыңы сеземин.

 

Кеттим алыс, кейиш толгон

жүрөк менен кыялбай.

Жатканыңда жаш баладай

там туң басып туралбай.

Маанай чөгүп, ындын өчүп,

акыл эсиң жыялбай,

турганыңда

кайрат эркти тилейм сага

сүйүп туруп Кудайдай.

 

Сага караан боло албадым,

бу капалуу күнүңдө.

Ийинимди тосо албадым,

бирок менден түңүлбө.

Биз кайтаарбыз жеңиш менен

күндөрдүн бир күнүндө,

ал анткени өзүң барсың,

жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

 

Касиетин Ата журттун

уул эмесмин сезбеген,

Алыс жерде өзүңү эстеп

сагынамын эскерем,

бирок ушул кыйын күндө

сага берээр, саа жөнөтөөр,

сүйүүм менен ырдан башка

эчтемем жок, эчтемем…

 Мигранттын жашоосу тууралуу, деги эле талаалап жүргөн кыргыздар тууралуу ыр жазасызбы?

Мигранттар жөнүндө, алардын Мекенге болгон сагынычы, кусалыгы жөнүндө ырларым көп эле. Өзүм мигрант болгондон кийин алардын арман муңун, кубанычын кантип жазбай коё албайсың. Ар бир мигрантты алыска энеси узатат, кусаланып, сагыныч менен күтөөрү чындык эмеспи. Апанын мээрими, сагынычы тууралуу жазган ырым бар..

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа.

Канатпа жүрөгүмү, ансыз дагы муңга толгон.

Кетким келбей калбасын капыс айнып,

кармаба мен баруучу узак жолдон.

 

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа.

Көрсөтпө көз жашыңы, бырыш толгон

жүзүңү,калтыраган колдоруңу,

Алыс жолдо аны эстеп кыйналбайын,

кыйналбайын туткун кылба ойлоруму…

 

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа.

Ансыз да жан дүйнөмдө турат аптап,

Шар сымал тийип койсо жарылчуудай,

Көз жашым көздөрүмдө каканактап…

 

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа.

Карабай ичке каткан арманыма,

орустун тумандуу,суук шаарларында,

Мекенин,үйүн ойлоп мага окшогон

канча уул,канча кыздар жашап журот

чайналып бу турмуштун шарданына.

 

Мен жолго чыгаарда ыйлаба, макулбу апа.

Макул дейсиң да ыйлайсың жашырынып,

Күтүүдөн, сагынычтан, ойлонуудан,

жылдан жылга барасың бүрүшүп, басырылып.

 

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа…

ый менен канжалатпа журогумду,

ансыз да таштай албай түнөгүмдү,

жатканда алпурушуп тагдыр менен,

күрөшүп жашоо менен, өзүм менен,

билесин кайта кайтып келеримди,

жүрөктө өзүң берген бир от менен,

билесин сени чексиз сүйөрүмдү…

Мен жолго чыгарда ыйлаба, апа….

 

Сыр болбосо эмне жумушта иштейсиз?

Көп жылдар бойу логистика, продакшн иштеринде иштедим. Мен иштеген кара жумуштар да калган жок. Буга кичине ыр менен жооп берейин:

Арам жолго бурсат бербеген,

Иш кыламын маңдай тер менен,

Мекен сатуу жана уурулук,

Намысыма туура келбеген,

Суу ичет дейт алтын аяктан,

Адал эмгек кылып өлбөгөн,

Кара жумуш болуп тирлигим,

Көп сыяктуу келем эл менен.

 

Мекенге канча убакытта барып турасыз?

Мекенге жылда эки жолу барганга аракет кылам. Алыста жүрүп Мекенди сагынып каласың. Келгенде эс алып, көлгө түшүп, кымыз ичип, эл журт менен учурашып чер жазам. Тез тез барып турганга аракет кылам, себеби туулган жерге болгон кусалыгым артып, жан дүйнөм бөксөрбөсө дейм.

Үй-булөөнуз менен бирге турасызбы?

Ооба, үй бүлөөм менен бирге турабыз, антпесе чачыранды болуп балдар чоочун болуп калышы мүмкүн. Толук кандуу үй-бүлөө болгондон кийин, чогу жашаган туура болот деп эсептейм.

Мекенибизде болуп аткан саясий кырдаалга алыстан дүрбү салып турсаныздар керек?

Албетте, Мекендеги ар бир саясий кырдаалга, окуяларга көңүл бөлүп, ойлонбой кое албайсың. Жакшылыгына кубанып, жамандыгына кубарып, ар өзгөрүүнү жүрөктөн өткөрүп тургандыгыбыз анык.

 Көп жылдан бери чет жерлерде иштеп жүрөт экенсиз. Мээнетиниз кайтып атабы?

Чет жерде иштеген мээнетим бир топ эле кайтты албетте. Жашырганда эмне, мындан чоң турмуштук, руханий, анан материалдык байлык топтосоң болот. Ким эмнени издейт кеп ошондо.

Талаалап жүргөнүнүзгө өкунбөйсүзбү?

Мекенге барып колдон келген кызматымды бере албай чет жерде талаалп жүргөнүмө көп учурда өкүнүп кетем. Буга эми көптөгөн шарттар да себеп болот дечи. Көп учурда Мекениме барып эле тал тигип, жер айдап, жашоодон ырахат алгым келет. Бирок бир чындык бар, алсыз бир өлкөнүн алсыз жараны да болуш кыйын экен.

Салтка айланган акыркы суроом, Мекенибизге качан кайтып келейин деген оюуңуз бар?

Куш деле уясына кайтып келгендей, эртеби кечпи буйруса Мекенге кайтып барабыз. Же болбосо салыштырмалуу Африкадагы пилдер сымал өлгөнү келебиз. Мага окшогондор Мекенге пайдалуу бир нерсе алып келгенге аракет кылышат. Эч болбосо өзүн, ашып кетсе туугандарын бакканга аракет кылышат. Ошол максатты ишке ашырбастан кетүүнү каалашпайт. Мигранттар булар анык баатыр мекенчилдер десем жаңылышпайм. Себеби Мекендеги чиновниктер сыяктуу байлыкты сыртка ташыбастан, тескерисинче өз үйүбүзгө ташыйбыз. Ошондуктан мекенчил болгону үчүн ар кайсы саясатчылар аларды колдонууга аракет кылышат. Ал эми биз мигранттар аары сымал Ата журтка пайдалуу нерселерди алып келүүгө аракет кылабыз.

 

 

Булак: Аргумент

Москва шаары.