Токторбеков: Чыңгыз Айдарбеков убагында Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп жүргөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбеков бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Комитеттин жыйынында биздин кесиптешибиз массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес деп жалган маалымат таратты. Урматтуу кесиптештер, эсиңиздерге салып коёюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колу бутун кайрып, бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып камабады беле. Ошол кезде бир жоокерибиз каза болгон. Ал эми подполковник Самат Курманкулов майып болуп калды. Азыр майыптар арабасында отурат. А бул эмне тарых эмеспи? Ал кезде орой болгон эмеспи? Урматтуу кесиптештер, мен ошол кесиптешибизге айтат элем. Ошол кезде Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзүн эмес күчүгүн сиз деп, иниси Асылбек Жээнбекодун портфелин көтөрүп жүрбөдү беле. Ал кезде ошол кесиптешибиз Тышкы иштер министри болуп турган. Эгер патриот болсо камоолор орой болду деп ошондо айтпайт беле», — деди депутат

Аргумент.kg