Токторбаев арзан пиар менен алекпи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жкнын депутаты Жеңиш Токторбаев акыркы мезгилде пиар менен алектенүүдө деген ой-пикирлер күчөп жатат. Анткени ал кайсыл темада болбосун түшүнсө-түшүнбөсө да ой-пикирин кошконго аракет кылат имиш, бирок бир да көтөргөн маселесин аягына жеткирүүгө аракеттенбейт экен. Айрымдардын ою боюнча ал депутатта күчтүү саясий технолог бар имиш. Ал Токторбаевге кайсы маселе болбосун үн кошуп турууну кеңеш берген имиш. Ошондо гана депутат жалпы элдин көзүндө да, сөзүндө да болуп турат. Токторбаев мырзанын депутаттын эң негизги милдети болгон кайсыл бир маселе боюнча мыйзам иштеп чыккандыгын билген жан жок. Же болбосо бул депутатка арзан пиар кылуу эле жетиштүүбү?

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg