Токтогулда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалды

Токтогулда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалды

23-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.

Аталган факт Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Шектүү 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн», – деп кошумчалашты облустук милициядан.

Булак; Аргумент кж