Коом

Токтогулда асынып каза болгон келин, акыркы катында эмне деп жазган?

Токтогулда 25 жаштагы келин өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 16:00 чамасында Токтогул районунда 1997-жылы туулган С.С. өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайынын ичинде жипке асынып алган жансыз денеси табылган.

Бул факты Токтогул РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөл. (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен сотко чейинки өндүрүшү башталган.

С.С. каза болушуна эмне себеп болгондугун аныктоо максатында сотко чейинки өндүрүшү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле, окуя болгон жерге кароо жүргүзүү мезгилинде С.С.тин жолдошу 1991-жылы туулган А.З.га таандык болгон уюлдук телефонунун “Ватсап” тиркемеси аркылуу жазышууларында С.С.тин өлүмүнүн алдында чакмак тетрадынын барагына жазылган каты жөнөтүлгөн. Ал катта ушул нерсеге барышынын себеби катары жолдошу А.З. жана дагы Н. аттуу жеңесин күнөөлөп, алар аны кемсинтип келишкенин көрсөткөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мыйзам чегинде тергөө амалдары жүрүп жатат”, – дешти басма сөз кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *