«Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү азайууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө аз. Бүгүнкү күндө «Электр станциялары» тарткан маалыматка ылайык суунун көлөмү болгону 8 млрд 364 млн куб метрди түзгөн.

Суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 250 куб метрди түзүүдө.

Демек, быйыл электр энергиясынын көйгөйү быйыл дагы жаралат. Карапайым калк свет өчкөнгө даярдык көрүп, азыртадан кышка карата отун-сууну кенен камдап алышы зарыл.

Себеп дегенде, азыркы убакка дейре эң кур дегенде топтолгон суунун көлөмү 11-12 миллиард кубга жетиши керек эле. Ошондо күзгө дейре 14-15 миллиардга жетмек. Бул темп менен кышка топтолгон суу 12 миллиард араң жетиши мүмкүн экени айтылууда.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg