Коом

“Токмоктон кийин көзүм көрбөй калды…” Күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин акыркы сөзү болгон

Күйөөсүнүн токмогунан улам асынып беш кызды жетим калтыды. Бул тууралуу турмуш.кж сайты Ала-Бука  районунун соту өкүм чыгарды.

Маалыматта  милицияга Ала-Бука районуна караштуу Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Баймак айылында жаш келин 2020-жылы 23-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 07:30 чамасында үйүнүн короосунда пресс жипке асынып алганы жөнүндө кабар түшкөн. Аталган факт боюнча окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгондон кийин текшерүү иштери башталган. Андан соң райондун А.П. аттуу тургуну милицияга арыз жазып, келиндин өлүмүнө анын жолдошу күнөөлүү болушу мүмкүн экенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Абылайхан (аты өзгөртүлдү, А.А.У.) Жазык кодексинин 136-беренесинин 3-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү), Жоруктар кодексинин 75-беренеси (жазаны оордотуучу жагдайлар) менен айыпталып жатат.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Абылайхан 2020-жылдын 22-сентябрында аялы Базарканды (аты өзгөртүлдү, А.Р.О.) ур-токмокко алып, катаал зомбулук көрсөткөн. Мындан улам Базаркан 23-сентябрда короодогу жүзүмдү кармоочу устунга чөп байлоочу (пресс жип) жип менен асынып каза болгон.

Маркумга дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жана комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын корутундуларына ылайык, Базаркандын денесиндеги жарааттар тирүү кезинде катуу жана мокок буюм тийгенинен пайда болушу мүмкүн экени, жеңил дене жаракатын алганы, өлүмүнүн себеби механикалык асфиксия экени аныкталган.

Абылайхан күнөөсүн жарым-жартылай гана мойнуна алып, буларга токтолду. 2020-жылдын 22-сентябрь күнү аялы Базаркан менен урушуп кетип, ачуу үстүндө бир жолу бетке чаап жиберген. Андан кийин жатып алган. Таңга маал ойгонуп, кыздарынын үстү ачык болгондуктан алардын үстүн жаап, аялынын жаткан жерин караган. Бирок ал ордунда жок болгондуктан Абылайхан бардык бөлмөлөрдү кыдырып, сыртка чыккан. Андан кийин устунга асынып турган аялынын жансыз денесин көргөн. Дароо кошуналарды чакырып, аялынын жансыз денесин жиптен бошоткон.

Абылайхандын айтымында, аялы менен 15 жыл чогуу жашап, 4 кыздуу болушкан. Экөө ынтымактуу жашап келишкен.

Айыпталуучу жабырлануучудан кечирим сурап, соттон ага карата жеңил жаза чектөөнү сурады.

Маркумдун эжеси Ж.П.А. соттук териштирүүдө Базаркан эң улуу эжесинин кызы болорун айткан. Анын айтымында, сиңдиси Базаркан менен күйөө баласы Абылайхан сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Андан кийин 5 кыздуу болуп, бир кызы чарчап калган. Үчүнчү кызы төрөлгөндө Абылайхан аялына «эркек бала төрөбөйсүң» деп айтып, экөөнүн ортосунда уруш болуп келген. Базаркан кыздарын жетим кылбайын деп, күйөөсүнүн сөздөрүнө чыдап жашап келген.

Маркумдун эжеси белгилегендей, Базарканга кайын энесинин колу дагы тийип жүргөн. Ал эми күйөөсү дайыма спирт ичимдиктерин ичип, үйүндөгү буюмдарды талкалап турган. 2020-жылдын 22-сентябрында саат 22:21 чамасында ага Базаркан телефон чалып, «мени аябай уруп салды, көзүм көрбөй калды» деп айткан. Бирок Ж.П.А. ооруп жаткандыктан, баягы эле уруштун бири деп, бара албай калган. Эртеси күнү Базаркан асынып алганы тууралуу кабар келген.

Ж.П.А. маркумдун төрт кызы азыркы күндө чоң энеси менен жашап жатышканын айтып, соттон Абылайханга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү сурады.

Күбө Ф.А.Н. соттук териштирүүдө айыпталуучу Абылайхандын кошунасы болорун айтып, буларга токтолду. 2020-жылдын 23-сентябрында саат 04:30-05:00 чамасында Абылайхандын кызы: «Апам асынып алыптыр» деп ыйлап келген. Ф.А.Н. дароо алардын үйүнө чуркап барган. Ошол маалда Абылайхан Базарканды көтөрүп турган. Ал «кайчы алып кел» деп кыйкырган. Андан кийин жипти кесип, келинди тапчанга жаткырышкан. Бул маалда Базаркандын буттары жылуу болчу. Мындан улам биринчи жардам көрсөтүшкөн. Бирок натыйжа болгон эмес.

Күбө Ф.А.Н. белгилегендей, Базаркандын көзү бир аз көгөрүп турган. Бул үй-бүлөнүн уруш-талашын көргөн эмес. Ал эми Абылайхан анда-санда спирт ичимдигин ичип жүргөн.

Абылайхан Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмүндө (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) көрсөтүлгөн кылмышты, Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинде (жазаны оордотуучу жагдайлар) көрсөтүлгөн жорукту жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылып, ага карата төмөндөгүдөй жаза белгиленди:

Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазык кодексинин 83-беренесине (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) ылайык, Абылайханга карата 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдөө колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду.

Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (жазаны оордотуучу жагдайлар) менен 60 саат коомдук жумуштарга тартылды.

Жазык-процесстик кодексинин 349-беренесине (эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) ылайык, камакка алуу менен байланышкан бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ал сот залынан бошотулду.

Соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу же сунуштаманы соттун өкүмү чыгарылган күндөн тартып 30 сутканын ичинде Жалал-Абад облустук сотуна берүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *