Токмок шаарынын вице-мэри Жаныбек Аралбаев коррупцияга айыпталганбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Таңгаласың да. Токмок шаарынын вице-мэрлигине Жаныбек Аралбаев улам конкурстан өтпөй жатып, акыры күч менен дайындалганын кандайча түшүнөбүз? Таянган тоосу чоң окшойт. Бул эргул 2016-жылы Чүй ОИИБнин 5-башкармалыгын жетектеп турганда, контрабандалык товар кармап, 60 миң доллар пара алганбы? Артынан кылмыш иши козголгондо качып кеткенби? Эки кызматкери камалганбы? Мындай соболдорго Жаныбек Аралбаев жооп бере алабы? Дал ушул резонанс боюнча андагы Чүй ОИИБ начальниги Капар Батырканов өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып келет. Ток этерине келсек, артынан сөз ээрчиткен адам Токмок шаарынын вице-мэри болуп отурса, эл эмне дейт? Кадр тандоодо президенттин администрациясы тыкыр көзөмөл жүргүзүп, татыктууларды тандаса (!) деген гана сунуш. Натыйжада, УКМК Жаныбек Аралбаевдин өткөн чагын иликтөө менен адилеттүү баасын береби?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg