Токмок шаарынын мэри «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Токмок шаарынын мэри «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

21-жетинин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Бул тууралуу башкы редактор Асланбек Сартбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал доогерге арызын кайтарып алууну сунуштаган. Маалым болгондой, чиновниктин сотко кайрылуусуна 30-июлда Бишкектеги СИЗО-1де өлтүрүлгөн кримавторитет Чыңгыз Жумагулов тууралуу материал себеп болгон.

Урмат Самаевден азырынча комментарий алуу мүмкүн эмес болууда.