“Тоюм болгон күнү “ажырашкан” деген атка кондум”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы өлкөдө 40 миңге жакын жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган. Ажырашуулардын көбү Бишкекте, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облусунда катталган. Айрым үй-бүлө 1-2 жылга жетпей эки ажырым жолго түшсө, 30 жылдан ашык чогуу жашаган жубайлар арасында да эки жолду тандагандары жок эмес.

Айнура 20 жашында жеңеси тааныштырган жигитке турмушка чыгууга макулдугун берген. Кудалар таанышып, калың, сеп бычылып, той күнү белгиленет. Кыз узатуу Айнуранын айылында болсо, той Оштогу мейманканалардын биринде өткөн.

«Жеңем тааныштырган бала менен бир айдай эле сүйлөшүп, “үйлөнөбүз” дедик. Ал менден 4 жаш улуу эле. Ата-энем айылдан той беришти. Мен турмушка чыга турган бала шаарда жашагандыктан, экинчи тойду Ошто кылдык. Мейманканада кудалар сөздүн айынан катуу урушуп, бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышты. Биз аталарыбызга болушуп, сөзгө аралашып калдык. Жолдошум мага ачууланып, ошол жерден талагын берди. Бири-бирибизди жакшы билбегендиктен, тоюм болуп аткан күнү “ажырашкан” деген атка кондум» дейт Кара-Кулжа районунун тургуну Айнура.

“t-media.kg”

Аргумент.kg