Коом

Тойго барып төрөп койгон.Токтогулдагы үрөй учурган кылмыш эмне менен аяктады?

Токтогул райондук соту ажатканага ташталган ымыркайдын энесине карата жазык ишин карап, өкүм кабыл алды.

Тажикан (аты өзгөртүлдү) 2003-жылы Токтогул районунда туулган, орто билимдүү, бойдок, эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 11-августта болжол менен саат 06:00 чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токтогул райондук ӨКБдан Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин дааратканасына жаңы төрөлгөн баланы белгисиз адам таштап кеткени боюнча билдиришкен.

Аталган дарекке РИИБдин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен барып, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда маалым болгондой, 1962-жылы туулган А.С. намаз окуу үчүн саат 05:00 чамасында ойгонуп, сыртка чыккан. Ошол маалда дааратканадан баланын үнүн угуп, куткаруучуларды чакырган. ӨКБ кызматкерлери дааратканадан ымыркайды (кыз бала) чыгарып, тез жардам кызматы тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин ымыркай Токтогул райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткирилди. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалашкан.

Аталган факт боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 150-беренеси (коркунучта калтыруу) менен катталып, тергөө амалдары башталган.

Тажикан 2021-жылдын 11-августунда саат 04:30 чамасында жашыруун төрөгөн баласын Токтогул шаарынын тургунунун короосундагы ажаткананын ичине таштап кетип калган. Үйдүн ээси ошол эле күнү саат 05:00дө намаз окуу үчүн ойгонуп, жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып калган.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу Тажикан күнөөсүн мойнуна толук алып, буларды көрсөттү: 2020-жылы Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде таежесинин кызы менен чогуу жашап жүргөн. Ноябрь айында Жаш Гвардия бульварында Аширбек (аты өзгөртүлдү) аттуу жигит зордуктап койгон. Тажикан кош бойлуу болуп калганын эч кимге айткан эмес. 2021-жылдын август айында таякесинин тоюна Токтогул шаарына келген. Дос кызы Шайыр (аты өзгөртүлдү) үйүнө кел дегенинен 8-августта барып, 2-3 күн түнөгөн. 10-августта болжол менен саат 20:00 чамасында толгоосу башталган. Аны эч кимге билдирген эмес. 11-августта саат 04:30 чамасында ичи катуу ооруп, короодогу ажатканага барган. Даараткананы ичинен бекитип, отурган учурда бала тешикке түшүп кеткен. Чубалган киндикти ажаткананын ичинде турган учтуу темир менен кесип жиберген. Андан кийин үйгө сыр бербестен кирип кеткен. Көп өтпөй курбусунун атасы ызы-чуу чыгарып, ажатканадан бир үн чыгып жатат деп, үйдөгүлөрдүн баарын тургузган. Аларга эч нерсе айткан эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана милиция кызматкерлерин чакырып, баланы алып чыгышкан. Ал учурда да коркконунан эч кимге эч нерсе айтпай койгон. Анын окуясы Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып текшерилген учурда билинген.

Сотто күбө болгон Бекназардын (аты өзгөртүлдү) айтымында, 2021-жылдын 11-августунда болжол менен саат 05:00 чамасында намаз окууга туруп, ажатканага барган. Ал жактан мышыктын үнүнө окшошкон үндү угуп, кайра сыртка чыккан. Андан кийин аялына «жарык кылып берчи, ажатканага мышык түшүп кеткен окшойт» деп, экөө ажатканага барышкан. Бекназар узун таяк менен карап жаткан учурда аялы: «Бул баланын үнү» деген. Кошуна баланы чакырып, жардам берүүнү суранганда, ал дагы бала экенин, башы көрүнгөнүн айткан. Дароо 112 кызматына чалып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, баланы алып чыгышкан.

Күбө Тазагүлдүн (аты өзгөртүлдү) айтымында, 2021-жылдын 11-августунда болжол менен саат 05:00 чамасында күйөөсү Бекназар намазга туруп кеткен. Кайра бир аздан кийин келип, «ажатканада мышыктын үнү чыгып жатат, жарык кылып берип турчу» деген. Экөө дааратканага барып, күйөөсү таяк менен караган. Ал жактан чыккан үн баланын үнүнө дагы окшош болгондуктан, кошунанын баласын жардамга чакырышкан. Ал дагы «бала окшойт» деп, 112 кызматына чалышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, баланы алып чыгышкан.

Күбө белгилегендей, айыпталуучу эч нерсе айткан эмес. Тазагүл шок абалында отуруп калганда Тажикан анын далын кармалап, укалоо аракетин жасаган.

Сотто жашы жете элек күбө Жаңылдын (аты өзгөртүлдү) айтымында, айыпталуучу Тажикан классташы болот. Ал 2021-жылдын август айында таякесинин тоюна келип, ал жакта кала албастыгын айткан. Мындан улам Жаңыл айыпталуучуну үйүнө чакырган. Тажикан 10-августта «ашказаным ооруп жатат» деп айтканынан, ысык чай, дары берген. Эртеси уктап жаткан учурда апасы бөлмөгө кирип, ажатканада бир нерсе жатканын айтып тургузган.

Жыйынтыгында Тажикан Жазык кодексинин 39-133-беренелери (кылмышка аракеттенүү, эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазадан бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *