Тойдун карызын төлөөдөн чарчадым, ажырашабызбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төрт жылдан бери тойдун карызын төлөп келебиз. Карыз төлөөдөн чарчап, акыры жолдошум экөөбүз уруша баштадык. Биз үйлөнгөндө кайын журтум “эл эмне дейт?” деп чоң той бергенбиз. Ага кеткен чыгымдын баарын карызга алышыптыр. Эки айдан кийин кайын журтум бизди батирге бөлүп, “эми карызыңарды төлөп алгыла” деп койду. Ошону менен ар бир айдын аягында же башында карыз акчаны төлөп келебиз.

Проценти көп болгондуктан биздин тапканыбыз батир менен карыздан чыкпай калды. Дагы 300 миң сомубуз калды. Эми аны качан төлөп бүтөбүз?.. Бизге окшоп карызга той берип, карыз төлөп жашагандар, кантип үй-бүлөлүк бакытты кармап келесиңер? Карыздын айынан ажырашып кетебизби деп да ойлоп кетем.

Аргумент.kg