Бишкекте 49 жаштагы жаран жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирүүсү жергиликтүү басылмаларга жарыяланган.

Маалыматта, 2020-жылдын кышында социалдык кызматкер милицияга Ак-Босого конушунда бир адам тогуз жаштагы кызын зордуктап жүргөнү тууралуу билдирген. Көп өтпөй  маалыматтагы шектүү адам кармалып, ал Ак-Босогодо жашаган 49 жаштагы адам экени аныкталган. Тергөөучурунда кыз атасы менен эки айдан ашуун жалгыз жашап келген. Ал эми апасы болсо үйдөн чыгып кеткен бйодон белгисиз болгон. Жабырланган кыз балдар үйүнө өткөрүлүп кылмышкер аталык укуктан ажыратылып, иши сотко жөнөтүлгөн.