Коом

Тогуз-Тородо 14 жаштагы кыз өмүр менен кош айтышты

 Кечээ, 8-ноябрь күнү Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясына агып кеткен жаш кыздын денеси бүгүн, 9-ноябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга «102» кызматынан саат 17:41де Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында Нарын дарыясына Табылгыты айылынын 2007-жылы туулган тургуну Б.Д. түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылды.

Аны табууга ӨКМден 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам тартылган. Алар Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта, Нарын дарыясынын жээгинде 2 топко бөлүнүп, издөө иштерин жүргүзүштү. Саат 10:45те кыздын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *