Тогуз пайыздык тосмо кимдерди торойт?

Тогуз пайыздык тосмо кимдерди торойт?

15-тогуздун айы, 2019-ж // //

 
Бул күндөрү шайлоо тууралуу мыйзам коомчулук тарабынан кызуу талкууга түшө баштады. Тактап айтканда анын: “Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык тосмону багындыруу керек деген беренеси катуу талаш жаратууда”. Эгерде ушул мыйзам менен шайлоо болсо каржысы чабалыраак партиялардын жолу тосулуп калат. Жөн гана партиялар эмес, билими жана интеллектиси жогору калкка керектүү мыйзамды иштеп чыга алган алдыңкы катардагы инсандарын мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.
Мыйзам калың капчыктууларга кеңири жол ачат. Тамаша чындап айтканда атасынын атын жазганда алты ката кетирген байлардан кандай депутат чыгат? Маселен Грузия шайлоо тосмосун таптакыр алып салды. Бүт планета боюнча 9 пайыздык тосмо деген жок экен. Ошондуктан тезирээк мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, чыныгы демократия болоор эле.
Булак: argument.kg