
ТИМ Израилдеги кыргызстандыктарды этият болууга чакырды
10-тогуздун айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваИзраилдеги аскерий кагылышуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 7-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин (резиденция Анкара шаарында) маалыматына таянуу менен билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Израилде жашаган кыргызстандыктарга өлкөнүн палестиналык ХАМАС кыймылы менен жаңжалдын курчушуна байланыштуу Израилдин чек ара аймактарындагы аскерий кагылыш болгон жерлерге барбоосун сунуштайт.
Булак: Аргумент кж