Тилеков Кара: Кийинки президент Адахан Мадумаров болот!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин фейсбуктун колдонуучусу Тилеков Кара жазып чыкты:

“Каала каалаба жакынкы жылдары бийлик ушул кишиге тиет. Мына эмне үчүн ???

1990-2020чы жылдар аралыгында кыргыз саясатында чыгаан саясатчылар көп болду.
Мадумаров белгилүү болгону менен андан кем эмес белгилүү саясатчылар көп эле.

Кечээ жакында эле Мадумаров, Атамбаев,. Текебаев, Сариев, Ташиев, Келдибеков, Жапаров, Бабанов ж.б. кадыры, мүмкүнчүлүктөрү боюнча дээрлик бирдей болуп турушту. Бирок, азыр кадыры, ден-соолугу, командасы, репутациясы күчүндө калган жалгыз Мадумаров.

Жаштардан чыгаан,бүт элди ээрчиткен саясатчы чыга албады. Соц.тармактарда гана талкууга алынбаса шайлоодо баягы эле Мадумаров жана ошонун деңгээлиндеги саясатчылар добуш топтогону белгилүү болду.

Азыркы бийликке жинденип турган эл кыргыз саясатындагы майышпас күлүк Адахан Кимсанбаевичке үмүт артаары күндөн күнгө түшүнүктүү болуп баратат”-деп жазды ал.

Аргумент.kg