Саясат

Тилек Токтогазиев: “Египеттин элчиси кыйын экен, картошкасын бизге сатып салыптыр”

Египеттин элчиси аябай кыйын экен, картошкасын бизге сатып салыптыр”, – дейт мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

–“Эсил кайран кыргыздын айыл чарбасы!

Урматтуулар, сиздерден бир чоң суранычым бар:

Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрө албасаңар, жок дегенде талкалабагылачы.

Биздин дыйкандар картошканы Кыргызстандын өзүбүздүн ички керектүүлүгүнөн дээрлик ЭКИ эсе көбүрөөк өндүрөт. Жылда ашып калган картошканы каякка сатабыз деп карапайым дыйкандардын башы ооруйт. Өзүңөр билгендей эле, учурунда бир министр так ошол картошка сатылбай, массалык түрдө чирип кеткен үчүн, өзүнүн кызматынан кеткен.

Эми биз өзүбүздөн ашып ташып жаткан картошканы дагы миңдеген километрлер алыс жайгашкан Египеттен бери ташып келебизби? Бул эмне деген нонсенс? Бул эмне деген өзүн өзү сыйлабастык?

Биздин аткаминерлер ушундай эл аралык сүйлөшүүлөрго жакшылап даярданышса туура болот эле. Египеттин элчиси аябай кыйын экен. Картошкасын бизге сатып салыптыр. Биздин министрлик болсо эч нерсе Египетке сата албай калыптыр. Эмне үчүн? Анткени сүйлөшүүлөргө таптакыр даярданган эмес.

Суунун башында туруп чөлдө жайгашкан Түркмөнстандан помидор менен сабиз сатып алабыз.

Суунун башында туруп Өзбекстандан жер жемиш, мөмө жемиштерди сатып алабыз.

Суунун башында туруп эми Египеттен картошка ташыйбызбы?

Эгерде азыркы айыл-чарба министрликтин саясаты ушундай болсо, анда алдыда дыйкандарыбыз үчүн абдан оор убакыт келип жатыптыр.

Кайрат кылгыла эми!

Бизде азыркы учурда экспортко чыгара турган картошка, сүт, төө бурчак, өрүк, жана дагы бир нече эле жер жемиштер бар. Кайра иштетилген продукция болсо экспортко ас эле чыгат. Жок дегенде ошолорду экспортко жөнөтүп, кайра иштетүү секторго басым кылышыбыз керек.

Тилекке каршы, биз агрардык өлкө эмеспиз. Биз шалакалыктан, ачкөздүктөн, уурулуктан талкаланган өлкөбүз.

Агрардык саясатты түп тамыры менен өзгөртүш керекпиз. Эң негизги приоритет ички өндүрүшкө берилиш керек. Импортту азайтып, Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, экспортко чыгарганга жакшыраак шарттарды түзүш керекпиз. Эл аралык чогулуштарга барганда өзүбүздүн продукциябызды даңктап, мактап, сатуучуларды табып бериш керекпиз.

  1. Үмүттү өчүрбөйлү, мекендештер! Буюрса, биздин айыл чарба, ата мекендик өндүрүш сөзсүз өнүгөт. Фермерлерибиз бай болуп, элибизди таза азык-түлүк менен камсыздап беришет!”, – дейт Токтогазиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *