TikTok’ту жабуу чечими боюнча белгилүүлөр эмне дешет?

TikTok’ту жабуу чечими боюнча белгилүүлөр эмне дешет?

05-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Маданият министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алган. Маалыматка караганда, министрликтин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын TikTok’тун балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйгөн.

Чечим андан ары ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.  маалымат агенттиги ТикТокчулардан социалдык тармакты жабуу боюнча ойлорун угуп көрдүк.

 

Салтанат Шекенова каршылыгы жок экенин айтты. «Демократиялуу өлкө болгондон кийин, минтип кээ бир социалдык тармактарга чектөө  кылган туура эмес. Эми өкмөт Тиктокту жабабыз десе менин өтө деле каршылыгым жок, жаппагыла деп пикетке чыкпайм, мунсуз деле жашап келгенбиз», — деди ал.

Ал эми коомчулукка Эки сулуу деп таанылган топ ТикТокто күнөө жок экенин айтышты. «Биздин оюбузча байкуш ТикТокто күнөө деле жок. Тескерисинче, ТикТок бул лайфхак, жаратылыш, кооз жерлер, мотивация берчү аянтча деп ойлойбуз. Көп блогерлерге да акча тапчу аянтча. Ал эми зыяны көп дегендерге айтарыбыз. ТикТок бул алгоритм, жаккан нерсени тандасаң, ошол лентага чыгат. Мисалы жаратылыш тандасаң жаратылыш, кооз кийим тандасаң кооз кийим чыгат, ал эми жаман нерселер чыгат деп айткандарга, демек иш өзүңөрдө. Анан бир нерсе өкүндүрөт. Биздин мамлекетте башка көйгөй калбай калгансып, болбогон нерсени аябай чоң маселе кылып алышат», — дешти

 

ТикТокчу Нуркыз Токтогонованын айтымында, өлкөдө мындан башка көйгөй турса, эмне үчүн муну тандашканыны таң калып жатканын айтты.

«ТикТок мен колдонгон эң сонун платформа. Анда көптөгөн кызыктуу маалыматтар бар. Аары бал көрсө, чымын бокту көрөт деген сөз бар. Эгер адамдар кандайдыр бир жаман нерсени көрүп жатышса, ТикТок ошол адамга ошондой видеолорду чыгарат. ТикТоктун алгоритми ушундай адамдардын тандоосуна жараша видеолорду сунуштап турат. ТикТокту жабууну каалаган адамдар өздөрү жаман контент көрүшөт, анан өздөрү ТикТоктун жабылышын колдошот. Эмне үчун министрлик ушундай чечим чыгарды билбейм. Билимдүү, чоң эле адамдар. Өлкөдө аябай көп маселелер бар, бирок алар эмне үчүн жабууну колго алышты билбейм. Алардын башка иши жоктой. Эгер балдар жаман нерсе көрүп, ошого азгырылып жатса, ТикТоктун эмне тиешеси бар? Балдарды ата-энелер көзөмөлгө алыш керек. Алар өздөрү ар кайсы нерсени көрүшөт, анан күнөөнү башкадан издейт. Мисалы, мен спорт, кызыктуу маалыматтар, жаныбарлар, география, сулуулук тууралуу видеолорду көрөм. ТикТокту жабуу чечими кабыл алынса, бул эч нерсени өзгөртө албайт», — деди ал.

Булак: Аргумент кж